Саздак жерде өсүүчү көп жылдык ичке жалбырактуу чөп. Өлөң чөп маалым кылат жай мезгилин (Бөкөнбаев).
Белгилүү муун өлчөмү бар, ыргак жана уйкаш менен курулган көркөм чыгарма; казак элинин ырынын аталышы, ыр. «Өргүсөң өлөң айт, сууп каласың» дечү эле (Токомбаев). Ай четинде бир жылдыз, чолпончо бар, Жигит кетсе, кыямат болгончо бар. Кемпир кетсе, ак болот сынганча бар. Кыздар кетсе, кызыл гүл соолгончо бар (Элдик ыр).